Сутка ичинде өпкөнү сезгенткен жугуштуу илдеттен 19 бейтап сакайып ооруканадан чыкты. Республика боюнча илдеттен жакшы болгондордун саны 929. Айыгып ооруканадан чыккандардын катарында медицина кызматкерлери да бар. Сутка ичинде 1894 лабораториялык анализ жүргүзүлдү.
Дартка чалдыккандар менен жакын байланышта болгондордун баары дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Бүгүнкү күндө оорулуулар менен байланышта болгондордун саны 6435 адамды түзөт. Ал эми обсервацияда 1902 жаран жатат. Стационарда 370 бейтап дарыланууда.