Бир сутка ичинде 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды
Новость

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:

 Бишкек ш. – 2;

 Нарын ш. – 1;

Ал эми стационарлардан 1 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 273 учур катталды, алардын ичинен 224 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.