24-майга карата өлкө боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 38 учуру катталды
Новость KTRK/videograp

Кыргызстанда 24-майга карата коронавирус жуккан жаңы 38 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди. Жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 403 адамга жетти. Сутка ичинде катталган 38 жаңы учурдун ичинен көбү Нарын облусунда. Ошондой эле соңку суткада илдеттен 23 адам айыкты. Муну менен өлкөдө коронавирустан айыккандардын саны 980ге жетти.