Нурболот Үсөнбаев: "Өлкөдөгү акыркы эпидемиологиялык кырдаал оорлошууда"
Новость KTRK/videograp

Саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев 24-майда брифингде өлкөдөгү акыркы эпидемиологиялык кырдаал тууралуу маалымат берип жатып, абал туруксуз экендигин жана чыңалуу байкалып жаткандыгын айтып, жалпы кыргызстандыктарга кайрылды. Ал бүгүнкү күнү баарыбыз үйдө болуп, аралыкты сактап, гигиенаны кармануу керектигин дагы бир ирет эске салды. Анын айтымында, экономикалык ишмердүүлүгү жанданган объектилер да санитардык талаптарды сакташ керек. 

"Анткени, бир гана талаптарды сактоо менен COVID-19 илдетин жеңе алабыз. Бүгүн жаңы катталган 38 учурдун 25и Нарын облусунда катталып жатат. Нарында адамдардын бири-бири менен байланышуусунун айынан илдет тарап жатат. 38 учурдун 8и сырттан келген жарандардан аныкталса, 28и байланыштын кесепетинен жуккан", - дейт ал. 

Үсөнбаев белгилегендей, алдын алуу чараларынын бири - бет кап тагынуу. Ал бир гана коронавирустан коргобойт.

"Беткап меселесине олутту көңүл буруш керек. Эл арасында чүчкүрүү, жөтөл жана башка оорулар да бар болот. Ошол эле учурда оорунун белгилери байкалбаган инфекциялык оорулар да бар. Демек, беткап бир гана коронавирустан эмес, башка илдеттен да коргойт. Эл көп чогулган жерге барганда беткап кийүү милдеттүү түрдө болушу керек",- деди өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев