Экс-спикер Мукар Чолпонбаев коронавирустан кайтыш болду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 24-майда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 70 жашында Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев коронавирус инфекциясынан кайтыш болду.
Коронавирустан улам, анда эки тараптуу пневмония, дем алуу жетишсиздиги жана башка бир катар өнөкөт оорулар өрчүп кеткен. Ал ошондой эле жүрөк, бөйрөк жана кан тамыр илдеттеринен жабыр тартчу. Мукар Чолпонбаев ооруканага 5-майда жаткырылып, ден соолугу начарлагандыктан кайра жандандыруу бөлүмүнө которулган, бүгүн 12:10до көрүлгөн реанимациялык чараларга карабастан ал COVID-19 вирусунан каза тапты. Республикалык штаб Мукар Чолпонбаевдин жакындарына жана туугандарына көңүл айтат.