Кыргызстанда коронавирус жуктурган эки бейтап каза болду
Новость www

Кыргызстанда акыркы эки күндө коронавирус жуктурган эки бейтап каза болду. 12 адамдын абалы оор, анын ичинен төрт киши жандандыруу бөлүмүндө. Ал эми, 25-майга карата коронавирус жуккан жаңы 30 учур катталды. Анын 12си сырттан келгендер. Россиядан келген 11 адамдан жана Өзбекстандан келген 1 адамдан вирус твабылган.POST1RIGHT

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Ошентип, коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны өлкө боюнча 1 миң 433 адамга жетти. Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында 9 учур, Чуй облусунда 1, Нарын облусунда 5, Ош шаарында 3, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2 жана Баткен облусунда бир жаңы учур катталды. 

Вируска кабылгандардын арасында 5 медициналык кызматкер бар. Ал эми бейтапкандан 1 медкызматкер сакайып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 280 учур катталды. Учурда обсервацияда 2 миң 307 адам жатат. Коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 6 миң 841 адам.