COVID-19: 35 жаңы учур катталды
Новость

Кыргызстанда бүгүн коронавирус жуккан дагы 35 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктуруунун жалпы 1468 учуру катталды. 16 адам каза болгон. Ал эми акыркы бир сутка ичинде 23 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. 

Ооруканадан чыгарылгандардан кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан. Ушул учурда Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 миң 333 адам жатат. Коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны бүгүнкү күндө 6 миң 875 адамга жетти.