Японияда өзгөчө кырдаал режими толугу менен алынды
Новость KTRK/videograp

Японияда өзгөчө кырдаал режими толугу менен алынды. Бул тууралуу Япон премьери Синдзо Абэ жарыялады. КОВИД-19 илдетинен улам быйыл 8-апрелде алгач Токионун аймактарына жана 6 башка префектураларына өзгөчө кырдаал киргизилип, кийин бардык өлкөнүн аймактарына жарыяланган. 

Синдз Абэ Япония 1 жарым айда эпидемия менен күрөшө алганын, бирок коронавирустун экинчи толкунуна жол бербөө үчүн элдин эрежелерди сактоосун сунуштады. Эгер эпидемиологиялык абал начарласа, өзгөчө кырдаал режимин кайра киргизүүгө туура келерин да белгиледи премьер-министр.