Черногориянын президенти Мило Жуканович өлкө коронавирус инфекциясын жеңгенин билдирди. Бул тууралуу ал Твиттердеги баракчасына жарыялады. «Черногория коронавирусту ийгиликтүү жеңди. Бизде бейтаптар калган жок. Эң маанилүү баалуулук — адамдардын өмүрү үчүн күрөшүү этабы жыйынтыкталды», - деп жазды президент.
Ал белгилегендей, өлкө ооруну мамлекеттик органдардын бирдиктүү иши жана коомчулуктун жоопкерчилиги аркылуу жеңди. Эми өкмөт пандемиянын кесепеттерин жоюу үчүн иштейт. Акыркы маалыматтар боюнча, Черногорияда 324 адамдан коронавирус аныкталып, анын ичинен 9 бейтап көз жумду.