Балдарды коргоо күнүнө карата “Бактылуу балалык” жумалыгы өтөт
Новость KTRK/videograp

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына жана 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Бактылуу балалык” жумалыгын өткөрөт. 27-майдан 1-июнга чейин өтүүчү жумалыктын алкагында республика боюнча бир катар иш-чаралар уюштурулуп, алардын жүрүшү өлкөдөгү маалымат каражаттары, социалдык медиа аркылуу чагылдырылат. 

Жумалыктын алкагында “Поэзия күнү”, “Жомок күнү”, “Сүрөт жана көркөм тасма күнү”, “Музыка күнү”, “Театр күнү” жана “Нур замандын балдары” аталышындагы майрамдык иш-чаралар онлайн форматында өтөт. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бардык бөбөктөрдү келе жаткан майрамы менен куттуктап, жумалыктын жүрүшүнө жарандарды активдүү катышууга чакырат.