Чүй облусунун Сокулук районун Күн-Туу айыл өкмөтүндөгү Б.Жамгырчинов атындагы орто мектеби 2015-жылдан бери авариялык абалда турат. 18-май күнү катуу шамал катталып, чатырын учуруп кеткен. Көңүл бурган эч ким жок.Тийиштүү органдар чара көрүшүн өтүнөбүз, -деген автор "Элдик репортерго" билдирүү жөнөткөн.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.



