Ош шаарындагы жүргүнчү ташыган автобус санитардык эрежелерди сактабастан, элди жык-жыйма салып жатканын автор видео тартып, "Элдик репортерго" жөнөткөн. Буга чейин эскертүү берилген унаанын ичинде жүргүнчүлөрдүн саны, орундуктардын санынан ашпоосу керек деп, бирок көп айдоочулар санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактабай жатышат. POST1RIGHT
Автордун айтымында, 26-май күнү, 12 автобустун айдоочусу улам токтоп, автобуска элди жык салып жатат. Номери 272. Эч кандай аралык сакталган жок. Мынтип отурсак, коронавирус тез жайылуу коркунучунда турат. Тезинен чара көрүшүн өтүнөбүз,- дейт жүргүнчү.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.