Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун Орто-Арык айылынын Арыкбай №8 көчөсүнүн тургуну Качкынов Азимжан Алтынбековадан билдирүү келип түшкөн. POST1RIGHT
Биздин айылда айыл өкмөт, ишенип шайлаган депуттар иштебейт. Айыл эли кыйналып турган мезгил. Иче турган суубуз абдан эле кир келип жатат. Келсе да бир күндө бир сааттан эле чыгат. Айла жоктон жашоочулар жамгыр жааганда мына мынтип чакаларга сууну тосуп, толтуруп алабыз. Өкмөт башчы суу маселесин чечип беришин өтүнөбүз,- дейт автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.