Бир сутка ичинде 27 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды
Новость KTRK/videograp

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 27 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

• Бишкек шаары – 5

• Ош шаарында – 15

• Нарын облусунда – 7

Ал эми стационарлардан 4 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 326 учур катталды, алардын ичинен 247 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.