COVID-19 жуктуруу тобокелдиги Бишкекте жогорулап жатат. Республикалык ыкчам штаб борбор калаадагы, Чүй жана Нарын облустарындагы эпидемиологиялык кырдаалды талкуулады.
Бишкекте коронавируска кабылгандар менен түз байланышта болгондугу аныкталбаган жактардын инфекцияны жуктургандыгы катталууда. Алардын жуктуруу себеби аныкталып жатат, ар бир учур боюнча эпидемиологиялык териштирүү жүргүзүлүүдө. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө тармактык мамлекеттик органдар менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана тигил же бул аймактагы эпидемиологиялык абалды эске алуу менен алдыдагы туристтик сезондун бардык маселелерин иштеп чыгуу зарылдыгын кошумчалады.
Жыйындын жүрүшүндө белгиленгендей, COVID-19 менен күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине эмгек акы жана компенсацияларды төлөө өз убагында жана эч бир кечиктирүүсүз жүргүзүлүшү шарт. Республикалык штаб жарандарды санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого, көп адамдардын катышуусундагы иш-чараларды уюштурбоого жана барбоого чакырды.