POST1RIGHT
Май айынын акыркы күндөрү Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар көбөйдү. Акыркы суткада өлкөдө 11 кош бойлуу келинден COVID-19 табылды. Алар - Россиядан келгендер. Ошондой эле, Орусиянын аскердик окуу жайларында билим алган 26 курсант жана башка окуу жайлардан келген 10 студент да коронавируска чалдыккан. Катталган жаңы учурдун ичинен Бишкек шаарында 9, Чүй облусунда 5, Ош шаарында 2, Баткен облусунда 1, Нарын облусунда 4 учур бар.
Ошентип, Кыргызстан боюнча бир суткада 68 адам инфекцияга кабылып, республикада коронавирус жуктуруп алган 1662 учур катталды. Ушу тапта 558 адам бейтапканаларда дарыланууда, 10 кишинин абалы оор, төртөө реанимацияда. Жалпы 1088 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 494 изилдөө жүргүзүлп, 2 миң 467 адам обсервацияда жатат. Коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 7 миң 222 адам.