29-майдан 3-июнга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мындай аба ырайында абанын температурасы жогорулап, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт жана сел жүрүү коркунучу сакталат.