Коронавируска кабылгандардын көбөйүшүнө эмне себеп?
Новость КТРК

POST1RIGHT  Май айынын акыркы күндөрү Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар көбөйдү. Акыркы суткада эле 68 адам инфекцияга кабылып, коронавирус жуктуруп алгандардын саны республика боюнча 1 миң 662ге жетти. COVID-19га кабылгандардын санынын калк арасында арбын болушуна адамдардын саламаттыгына жоопкерсиз мамиле кылуусу себеп болуп жатканын жарандар өздөрү да белгилөөдө.