Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 60 адам жаңы катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, вируска чалдыккандардын эң көбү Нарын облусунда - 32 адам, ал эми Бишкек шаарында 23 адамдан табылды.
Орусиядан кайтып келгендер арасынан коронавирус соңку бир суткада беш адамдан табылды. Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 25 бейтап айыгып чыкты.