Бет кап жана кол каптарды таштандыга ыргытуу эрежеси
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Пандемия башталгандан бери медициналык бет кап менен кол каптар кадимки аксессуарлардын катарын толуктап калды. Алар учурда дээрлик бардык жерде колдонулат. Бирок бир жолу колдонулган бет кап жана кол каптарды таштандыга ыргытуунун эрежесин адамдардын көбү биле бербейт. Же билсе да, кайдыгерлик менен көрүнгөн жерге ыргытууну адатка айландырышкандай.

«Адамдар кайра иштетилген калдыктар менен чоогуу, бет кап жана кол каптарын ыргытып жиберишет. Бул таптакыр туура эмес. Адамдар ыргыткан таштандылар ылгоочу борборуна түшөт, себеби, бет кап жана кол капты өзүнчө бөлүш керек. Биз эксперимент катары эки саат ичинде бул жерде үч капка жакын бет каптарды жана кол каптарды чогулта алдык»,- деди Португалиялык иреттөө ишканасынын кызматкери Анна Лурейру.