Коронавирустун вакцинасынын табылышы экинчи толкундун күчүнө таасир берет. Эгерде дарттын дабасы табылса, олуттуу чектөөлөр талап кылынбайт. Бул тууралуу Россиянын Борбордук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Екатерина Трифонова жергиликтүү маалымат каражаттарына айтып берген.
"Экинчи толкун кандай болору жана ага кандай чектөөлөр киргизилери вакцинанын бар-жогуна байланыштуу. Эгерде вакцина табылса, калктын иммундук системасы бекемделип, алар ээн-эркин жүрүшүнө чектөөлөр коюлбай турганы айкын", — деген Трифонова.
2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин божомолдошкон. 11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 пандемиясын жарыялаган. Жер жүзүндө коронавирус инфекциясын жугузуп алган адамдардын саны ушул учурда 6 миллиондон ашты.
Коронавирус жуктурган жана каза тапкан мамлекеттердин сап башында Америка турат. Кийинки орундарда Бразилия менен Россия чыккан. Жакында эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус пандемиясынан жаралган коркунуч дагы деле бар экендигин айтып, COVID-19дун экинчи толкуну болушу мүмкүндүгүн билдирген.