Россиядагы мекендештердин паспортторунун жарак мөөнөтү узартылды
Новость KTRK/videograp

1-июндан тартып, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулдук бөлүмү мекендештердин паспортторунун жарак мөөнөтүн 31-декабрга чейин узарта баштады. Буга карата өкмөттүн токтому чыккан. Консулдукка келгендер тизилип кезекке туруп, айрым учурда кезек катарын бузган учурлар да болууда. 


Консулдуктун эшигинин алдына келгендердин арасында карысы да, жашы да, балалуу аялдар болуп, айтор бирин-бири түртүшкөндөр. Эрте келип кезек катарын улагандардын бир бөлүгү, паспортунун жарак мөөнөтүн узартууну кааласа, дагы бири мекенге кайтуу үчүн тизмеге кирүүгө ашыккандар. Келгендерди элчи сабырдуулукка чакырды.



Белгилей кетсек, 1-июндан тартып, Россиядагы Кыргызстандын жарандарынын жалпы жарандык жана ай-ди паспортторунун жарак мөөнөтү жыл аягына чейин узартылды. Мындай токтом кыргыз өкмөтү тарабынан, падемияга байланыштуу чек аралардын жабылып калышынан улам чыккан.


Консулдук бөлүмдүн жетекчисинин айтымында, Россиядагы кыргызстандыктардын жарак мөөнөтү өтүп кеткен паспорттору, автоматтык түрдө 31-декабрга чейин узартылды деп эсептелинет. Бул боюнча Россиянын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу жүргөн. Бирок, банктар, мамлекеттик мекемелер жана полиция кызматкерлери, узартылган мөөнөт боюнча тиешелүү мөөр менен уруксат кагазды сурашы мүмкүн. Бул арада, документин жоготуп алгандар да аз эмес.