Кытайда бир сутка ичинде 5 адамдан коронавирус аныкталды
Новость www

Кытайда бир сутка ичинде беш адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Ал эми дагы он адамдан илдеттин эч кандай белгилери байкалбай өткөн. 8 адам айыгып, ооруканадан чыкса, каза болгондор катталган жок.POST1RIGHT

Вирус катталган жарандардын баары сырттан келгендер. Белгилей кетсек Кытайда коронавирусту 83 миң 22 адам жуктуруп алса, алардын 78 миң 315и айыккан. 4 миң 634 адам каза болгон. Учурда дүйнөгө тараган коронавирус алгач Кытайдын Ухань шаарында 2019-жылдын декабрь айында байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин божомолдошкон. 11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 пандемиясын жарыялаган. Жер жүзүндө коронавирус инфекциясын жугузуп алган адамдардын саны ушул учурда 6 миллиондон ашты.