Украина эл аралык каттамдарын 15-июнда жандандырууну пландап жатат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн инфраструктура министри Владислав Криклий билдирди. POST1RIGHT
Анын айтымында эл аралык жана ички каттамдар 15-июндан баштап иштей баштайт. Аны менен катар ички каттамдар дагы ачылышы мүмкүн. Эл аралык каттамдар биринчи кезекте туристтик өлкөлөргө жандана баштайт. Алар, Түркия, Греция, Кипр, Хорватия, Грузия мамлекеттери. Украинанын министри азырынча Италия менен Испанияга болгон каттамдарды калыбына келтирүү планда жок экенин айтат. Ошондой эле ал ири туристтик каттамдарда жүрүүчү поезддердин саны көбөйө тургандыгын белгиледи.