Кыргызстанда коронавирус жуккан 26 жаӊы учур катталды
Новость KTRK/videograp

Кыргызстанда соңку бир суткада коронавирустан үч адам каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди. 

Каза болгондордун бири Ош облусунда иштеген 59 жаштагы фтизиатр дарыгер, экинчиси Ошто ооруканада жаткан 55 жаштагы бейтап жана үчүнчүсү Нарында ооруканада дарыланып жаткан 84 жаштагы адам. Ал эми 3-июнга карата коронавирус жуккан жаңы 26 учур катталды. 

Алар: Бишкек шаарында - 16, Нарын облусунда - 7, Ош облусунда - 1, Жалал-Абад облусунда - 1 жана Баткен облусунда - 1. Коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны өлкө боюнча 1 миң 871 адамга жетти. Ошондой эле бир сутка ичинде 46 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бейтаптардан кайталап алынган анализдер терс болуп чыккан.