Коронавирустун жайылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында Ош облусунун аймагы үзгүлтүксүз залалсыздандырылууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 2-июнда мекеменин Ош облустук башкармалыгы тарабынан Алай районунда 4500 чарчы метр, Араван районунда 1050 чарчы метр, Чоң-Алайда 3250 чарчы метр аянтка, тактап айтканда, азык-түлүк саткан дүкөндөргө, көп кабаттуу үйлөрдүн кире бериш жерлерине, балдар ойноочу аянтчаларга, дарыканаларга, банктарга, унаа жүрүүчү жолдорго жана башка эл көп барган жерлерге хлор аралашмасы чачылды. Дезинфекциялоо иштери өлкөнүн бардык аймактарында уланууда.