Кыргызстанда бир сутка ичинде 46 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Ал эми республика боюнча айыккандардын саны 1 миң 265 адам. Ооруканадагы бейтаптардан кайталап алынган анализдер терс натыйжа берген. Вирусту жеңген айрым адамдар өздөрүнүн пикирин биздин канал менен бөлүшкөн.