Бишкек шаары инфекциянын очогу болууда. Илдетти жугузуу коркунучу жогору болуп турган ордо калаага аймактагылардын келүүсү сунушталбайт. Ал эми шаар тургундары зарылчылык болбосо соода түйүндөрү жана башка эл көп чогулган жерлерге баруусуна кеңеш берилбейт. Анткени ошол эле жайда жүргөн жарандар санитардык эрежелерди сактабай жатат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.