Бишкекте ишкерлик чарбалар текшерилүүдө
Новость

11-майдан бери Бишкекте санитардык талаптарды аткарбаган ишканаларга 1 миллион 200 миң сомдон ашуун айып пул салынды. Иш алып барууга уруксат берилгени менен аларга коопсуздук эрежелерин сактоо талабы коюлган. Бир айга жетпеген убакытта 4 жарым миңдей объект текшерилди. Жеке тараптарга миң сомдон жогору, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сомдон айып салынат. Бул кооптуу илдеттин жайылышынын алдын алуу үчүн көрүлгөн чара.