Санитардык эрежелерди бузгандар жоопко тартылат
Новость

Өлкөдө экономикалык ишмердүүлүктү жандантуунун үчүнчү этабы башталып, анын алкагында ири базарлар, 50 орундан ашпаган тамактануучу жайлар, театр, музей, китепканалар жана соода борборлору иштеп баштаган. Бүгүн алардын ишмердүүлүгүнө санитардык-эпидемологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери рейд уюштуруп, эрежелердин так сакталышына көңүл бурду. Жыйынтыгында айрым ишканаларда санитардык талаптарды сактабай жатканы аныкталды.