COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7 905 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).
Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 953 адам жатат.
2020-жылдын 4-июнуна карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруу жалпысынан 1 899 учурга жетти.
Стационарда – 587, алардын ичинен реанимацияда – 3;
Ооруканадан чыгарылды – 1292;
Каза тапты – 20;
“Бүгүнкү күндө COVID-19 вирусунун жаңы 28 учуру катталды. Алардын бири четтен келген жарандан табылса, 20сы медициналык көзөмөлдө тургандардан аныкталды. Ал эми, калган 7 учурдун жугузуп алган булагы табыла элек”, - Саламаттык сактоо министринин орун басары Н.Усенбаев.