Үй карантининдегилерди көзөмөлдөө мобилдик тиркеме аркылуу жүргүзүлөт
Новость KTRK/videograp

Үй карантининдегилерди көзөмөлдөө үчүн алардын бардыгынын уюлдук телефонуна мобилдик тиркеме жүктөлүшү керек. Мындай тапшырманы тармактык мамлекеттик органдарга Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берди. 

Муну менен катар карантиндик эрежелерди эске алуу менен туристтик мезгилге даярдыкты күчөтүүнү тапшырды. «Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары туристтик сезонго дыкат даярдык көрүүгө тийиш. Даярдык иштери вирустун жайылышын алдын алуу чаралары менен коштолуусу керек. Бул багыттагы иш-аракеттердин алгоритми иштелип чыгышы зарыл», - деди Кубатбек Боронов.