ӨКМ: өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны азайды - Кыргызстан жаңылыктары
Новость KTRK/videograp

Үстүбүздөгү жылдын 5 ай ичинде республика боюнча 828  өрт кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 30,6 пайызга азайды. 2019-жылы 1193 өрт кырсыгы катталган. 

Өрттүн кесепетинен 8 адам каза таап, жана 12 адам жабыркаган. Өрттөн 21 адам куткарылган.  529 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынын 63,9 пайызын түзгөн.

Өрттөрдүн негизги себептери:

  • электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан -43,1%;
  • мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 15,7%;
  • отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 14,6%;
  • балдардын от менен ойноосуунан – 4,8%, өрт кырсыгы болду.