Санитардык талаптарды аткаруу маанилүү. Бет кап тагынып вирустан коргонуу Кыргызстанда эле эмес, бүткүл дүйнөдө эң натыйжалуу ыкма деп таанылган. Бул туурасында өкмөт үйүндөгү брифингде Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Абдыкадыр Жороев билдирди.
Ал мисал келтиргендей, Чихияда бет кап режимин бузгандар ири айыпка жыгылышат. Ишканалар ишин жанданткандагы негизги талаптардын бири - бет кап тагынуу. Ишканаларды текшерген учурда табылган бузуу — бет каптын жоктугу болууда, - деди Жороев.