Ата мекендик компанияларга бет каптарды жана антисептиктерди өндүрүүнү ыкчам баштоого көмөктөшүү зарыл.
Тиешелүү тапшырма Республикалык ыкчам штабдын жыйынында мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына берилди. Жыйындын жүрүшүндө үй карантинин сактоо, коомдук жайларда дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү боюнча маселелер талкууланды. Базарларда вирусту жуктуруунун жогорку тобокелдиги байкалууда, көпчүлүк жарандар бет кап тагынбай жана аралыкты сактабай жатышат.
Бишкек мэриясынан маалымдашкандай, калаанын бардык базарларында бирдиктүү стандарт киргизилген, ага ылайык бул мекемелердин жетекчилиги санитардык талаптардын сакталышы үчүн жоопкерчиликти алат. Мындан тышкары Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү мекемелерин ачуу боюнча маалыматы угулду.
Министрлик тиешелүү алгоритм иштелип чыккандыгын, санитардык-эпидемиологиялык талаптар бекитилгенин, социалдык аралык эрежелерин сактоону эске алуу менен жаңы ыкма иштелип чыккандыгын билдирди. Усулдук ыкмаларды балдар топтошуп ойнобой тургандай кылып өзгөртүп, социалдык аралыкты сактоо эске алынган оюндарды киргизилет. Кийинки жумада тарбиячылар үчүн тренингдер өткөрүлөт. Ата-энелерге балдарды өтө зарыл шартта гана бала бакчага жөнөтүүнү сунушталууда. Эгерде баланы карай турган адам болсо, анда коопсуздук максаттарында баланы үйгө эле калтырган оң болот. Ошондой эле, жалпы республикалык тестти 41 миңден ашуун адам тапшырат.
Тест алына турган имараттарда тийиштүү аралык сакталып, санитайзерлер орнотулат, тепловизорлор менен дене табы текшерилип, медициналык кызматкерлер нөөмөттө турушат. Республикалык штаб жарандарды COVID-19дун белгилери байкалган учурда өзүн-өзү дарылабастан, медициналык мекемелерге, "112" жана "118" кыска номерлери аркылуу кайрылууга чакырат. Коомдук жайларда милдеттүү түрдө бет кап тагынып, Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштарына кош көңүл карабай, иммунитетти көтөрүп, социалдык аралыкты сактоону эскертүү зарылдыгы айтылды.