Нарын облусунда коронавирус жуктурган бир бейтап каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
“Нарын облусунда 67 жаштагы бир бейтап каза болду. Ал ооруканага кайрылбай үйүндө болуп, оорунун белгилери чыкканда тийиштүү кызматтарга телефон аркылуу кайрылып, ден соолугу жакшы болбой жатканын айткан. Ага көчмө бригада барып, 5-июнда ооруканага жаткырылган. 6-июнда облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө которулган. Абалы оорлошуп, реанимациялык иш-чараларга карабай 7-июнь күнү каза болду. Бейтап буга чейин кан басымы жогору болуп, аз кандуулук оорусу менен жабыркап келген.
Коронавирус жукканда организм ооруну көтөрө албай калган. Саламаттык сактоо министрлиги бейтаптын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат”, - деди ал. Эске салсак, Кыргызстанда 8-июнга карата коронавирус жуктурган 25 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө 2032 киши коронавирусту жуктуруп алган, каза болгондордун саны 23 адам.