Дагы 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды - Кыргызстан жаңылыктары
Новость KTRK/videograp

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:

• Бишкек шаары – 4

• Чүй облусунда – 1

Ал эми стационарлардан сутка ичинде 7 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 400 учур катталды, алардын ичинен 282 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.