Чүй облусунда бир жуманын ичинде 20 мас айдоочу кармалды - Кыргызстан жаңылыктары
Новость KTRK/videograp

Чүй облусунда бир жуманын ичинде 20 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. 

1-июндан 7-июнга чейинки аралыкта инспекторлор тарабынан 2 миң 484 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган. Анын ичинен 20 айдоочу мас абалында унаа башкаруу, 895 айдоочу - ылдамдыкты ашыруу, 23 айдоочу документтери жок унаа башкаргандыгы үчүн кармалган. 

Жалпысынан 48 унаа айып аянтчасына киргизилген.