Бишкекте айрым бала бакчалар азырынча иштебейт - Кыргызстан жаңылыктары
Новость KTRK/videograp

Бишкекте айрым бала бакчалар азырынча иштебейт. Бул туурауу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда №4, №5, №71, №92, №104, №117, №122 жана №185 бала бакчалар ишин жандандырган жок. 

Учурда аларда жайкы оңдоо иштери жүрүүдө. Калган бала бакчалардын кызматкерлери COVID-19 вирусуна текшерилип, имараттары дезинфекцияланды. Бишкекте 87 муниципалдык бала бакча, 13 мекеме алдындагы жана 218 жеке менчик бала бакча бар. 

Мэрия жүргүзгөн мониторингге ылайык, жай мезгилинде бала бакчага 6 миңге жакын бала барат жана 1600 кызматкер иштейт. Эскерте кетсек, Коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн өзгөчө кырдаал шаартында Кыргызстанда бала бакчалардын иши 23-марттан тартып карантинге жабылган. Өкмөт бала бакчалардын иши 5-июндан тарта жанданарын кабарлаган.