Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бет кап тагынууну милдеттендирүүнү сунуштады
Новость KTRK/videograp

Өткөн жумада Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму медициналык бет капты тагуу боюнча эрежени өзгөртүп, коомдук жайларда бет кап тагынууну милдеттендирүүнү сунуштаган. 

Уюмдун жетекчиси Тедрос Гебрейесус, бет кап тагуу менен чектелбей, комплекстүү чараларды аткаруу керектигин айтты. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму акыркы иликтөөлөргө таянып, коронавирус көп жайылып жаткан аймактарда, социалдык обочолонуу эрежесин сактоо мүмкүн болбогон жерлерде бет кап тагынуу коронавирустан коргонуунун натыйжалуу жолу экенин билдирет.