POST1RIGHT
Илдет Кыргызстанга жайылган учурдан бери 1445 адам сакайган. Бирок, бул сооруну жуктуруп алгандарга салыштырмалуу аз. Чыныгы жагдай көпчүлүк ойлоп жаткандай жеңил эмес олуттуу,- дешет адистер. Инфекциянын жайылышына жөнөкөй эле эреже - санитардык-гигиеналык талаптарды сактабагандык себеп.
Мекендештерибиз арасында коронавирус жок экен деген ушак айың көбөйгөн сайын турмуш аны башка жагынан далилдеп, илдетке алдыргандардын саны көбөйүүдө. Бирөөгө курулай сөз, тамаша көрүнсө башка бир адамдар ооруканага жатып, өмүр үчүн күрөшкөнгө аргасыз.
Кыргызстанда коронавирус башталгандан бери 23 адам өмүр менен кош айтышты. Жуктуруп алгандардын саны азайган жок. Эл көп чогулган коомдук жайлар менен көчөлөрдө бет кап тагынбай эле ээн эркин жүргөн адамдар арбын. Ал гана эмес эл көп жүргөн базардын ичинде эч нерседен камырабай жүргөн адамдардын саны арбыды.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус жайылгандан берки жагдайды изилдеп көрүп жакынкы күндөрү позициясын өзгөрттү. Мурда бет капты негизинен медиктер менен ооруган адамдар гана тагынышы керек деген принципте болсо кийинчерээк бет кап тагынуу коопсуздукка олуттуу салымын кошкон фактор катары тааныла баштады. Өзгөчө ортодогу коопсуздук аралыгы сакталбаган жерде же кафе, дүкөн, базар сыяктуу эл топтолгон жерде жүргөндө бет кап тагынуу коопсуздукка салымын кошо турган маанилүү нерсе катары бааланып жатат. Жакында бул боюнча атайын эрежелерди да толуктап чыгарышы мүмкүн.
Азыр адамдын эң башкы душманы коронавирус эмес - кайдыгерлик менен коопсуздукка, коргонуу чараларына маани бербестик болууда. Кенебеген адам кандай жагдайда болбосун өзүнүн гана эмес жакындарынын дагы коопсуздугун тобокелге салат.