Коронавирустан дагы бир адам каза болду
Новость КТРК

POST1RIGHT

Нарында коронавирусту жуктуруп алган бир киши каза болду. Буга чейин бейтаптын кан басымы жогору болуп, аз кандуулук менен жабыркаган. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, сутка ичинде 2 миң 359 изилдөө жүргүзүлүп, 25 жаңы учур аныкталды. Көпчүлүгү Бишкек шаарынан.

Нарында коронавирустан каза болгон бейтаптын кесиби мугалим эле. Кыргызстандын эмгек сиңирген падагогу, билим берүүнүн мыктысы деген наамдардын ээси 34 жылдан бери Нарын шаарындагы №2 мектеп-гимназиясында үзүрлүү эмгектенип келе жаткан. Облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жатып, көрүлгөн реанимациялык иш-чараларга карабай ажалга моюн сунду. 

КОВИД-19 вирусуна шектенгендер дароо дарыгерлерге кайрылыш керек. Үйдө өз алдынча дарыланган өтө кооптуу жана коркунучтуу экенин адистер эскертүүдө. Учурда вирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны өлкө боюнча 2 миң 32 адамга жетти.

Коронавирус менен ооругандардын арасынан айыккандар да бар. Бир сутка ичинде Бишкек шаарынан 17, Нарын облусунан 2, Жалал-Абад облусунан 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Анткен менен санитардык эрежелерди бузган жарандар дагы деле азайган жок. Алсак, бет кап кийүү, социалдык аралыкты сактоо талаптары дале аткарылбай жатат деп тынчсызданышууда адистер.