Бишкекке Ирандан үч кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, кыргызстандыктар ирандыктардын "Kish Airlines" авиакомпаниясынын чартердик аба каттамы аркылуу эл аралык "Алматы" аэропортуна конушкан. Ал жактан Бишкекке атайын даярдалган унаа менен алынып келинди. Ирандан келген кыргызстандыктар обсервацияга жайгаштырылып, атайын медициналык процедурадан өтөрү белгилүү болду. Мекендештерди чет өлкөдөн Кыргызстанга кайтарып алуу үчүн мүмкүн болгон бардык чаралар көрүлүүдө.