Гүлчө: бала бакчалар антисептик каражаттар менен камсыз болсо... - Кыргызстан жаңылыктары
Новость

POST1RIGHT

Алай районундагы Гүлчө айылынын тургуну аким, айыл башчыларына кайрылуу жасап, "Элдик репортерго" билдирүү жөнөткөн. 

Бала бакчаларга балдарды бет кап тагынып келүүсүн талап кылып жатат. Ал эми дарыканаларда антисептикалык каражаттары, бет каптар кымбат сатылууда. Мамлекеттик иште иштегендиктен, тапкан айлыгыбыз антисептикалык каражаттарын алганга жетпейт. 3 балам барат бала бакчага, бир антисептикти 120 сомдон сатып алдым. Ушундай кырдаалда элди ойлоп, ата-энелер фондунан эле каржыланып турса жакшы болмок. Ушул маселени карап берип коюшуңуздарды суранабыз,- дейт автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.