Кара-Жыгач: жолго битум чачылбастан асфальт төшөлүүдө - Кыргызстан жаңылыктары
Новость

Былтыр күз айында, Кара-Жыгач конушуна канализация киргизилип, асфальтталган жолдор бузулган. Автор жөнөткөн, видеодон оюлган жолго эле битум чачылбастан эле асфальт төшөлүп жатканын көрүүгө болот.  Быйыл эми мынтип жол куруучулар жолго битум чачпастан, жерди тазалабастан, кургак жерге эле 3 см асфальтты төшөп жатышат. Бул кылган иштери 1 айга жетпей эле тантыгы чыгат. Канча деген каражат кетти.  Түнкү саат 22.00 келип алып иштеп жатышат. Эч ким көзөмөлдөгөн жок. Бул эмне деген кайдыгерлик,- деп ачууланган автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.