Талас: суу алдында калган тротуар - Кыргызстан жаңылыктары
Новость

POST1RIGHT

Талас облусунун Талас районуна караштуу Манас айылынын негизги жолу былтыр жасалып, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар салынган. Тротуар асфальттала элек. Бул айылдын башында көлчүк бар, тротуар салынып келе жатып эле, сууга түшүп кеткен. Себеби көлчүккө суу толуп, тротуарды басып калган. Дагы суу толсо, тротуар суунун астында калып калат. Ушул жерге шагыл төгүп эле, тротуарды өйдө көтөрүп салышса болмок. Эми бул тротуардын элге эмне кереги бар, адам баспагандан кийин,- дейт айыл тургуну. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.