Ата мекендик жеке коргонуу каражаттарын чыгаруу иштерин тездетүү зарыл. Тиешелүү тапшырма Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берилди. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, оорунун белгилери жок, илдетти кайдан жуктурганы белгисиз жарандар күн сайын көбөйүүдө.
Бир жумада эле 31 адамда жуктуруу очогу белгисиз COVID-19 аныкталды. Алардын арасында шаардык базарлардын, банк кызматкерлеринин, ири цехтердин, бала бакчалардын кызматкерлери бар. Булар Бишкекте коомдук жайларда жуктурган деп болжолдоого болот. Бет кап тагынуу жана социалдык аралыкты сактоо боюнча сунуштамаларга кош көңүл кароо кейиштүү кесепеттерге алып келүүдө.
Жыйындын жүрүшүндө штабдын мүчөлөрү медициналык багыттагы, анын ичинде жеке коргонуучу каражаттарды жана медициналык жабдуулар боюнча ата мекендик өндүрүштүн мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маселени талкуулашты. Учурда жеке коргонуунун каражаттары боюнча тиешелүү сапат стандарты иштелип чыкты. Тармактык мамлекеттик органдарга ыкчам штабдын тапшырмаларын аткарууну ыкчамдатуу милдеттендирилди. «Чалдыбар» өткөрмө жайынын ишин камсыздандырууга байланыштуу жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын текшерүү алгоритмин так аткаруу боюнча тапшымалар берилди.