Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Бишкек ш. – 1;
• Чүй облусунда – 3;
• Ош облусунда – 1;
• Талас облусунда – 1;
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 1 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 409 учур катталды, алардын ичинен 294 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.