Балыкчы шаары: «Ак-Кеме» постунда айрым эрежелер өзгөрдү - Кыргызстан жаңылыктары
Новость KTRK/videograp

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын кире беришиндеги «Ак-Кеме» постунда айрым эрежелер өзгөрдү. Бул тууралуу Тоң районунун администрациясы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 10-июндан баштап Тоң районунун тиешелүү органдарынын өкүлдөрү постто нөөмөткө турушат. Анда башка аймактардан келгендердин дене табы гана текшерилет. Буга чейин бардыгын бирден каттап, тизмелери райондорго жана шаарларга жөнөтүлүп турган. 

Чет өлкөдөн келген туристтер жана жергиликтүү тургундар дагы кылдат текшерүүдөн өтүшөт. Аймактын тургундарын унаа менен алып кетишет. Постто 15 адам нөөмөттө болот.