ЖРТга келген ар бир бүтүрүүчүнүн дене табы текшерилет - Кыргызстан жаңылыктары
Новость KTRK/videograp

Жалпы республикалык тестирлөөгө келген ар бир бүтүрүүчүнүн дене табы текшерилет. Бул тууралуу Вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди. 

Анын айтымында, ички иштер министрлигинин кызматкерлери окуучулардын ортосундагы коопсуз аралыктын сакталышына көз салат. Тест тапшыруучу жайда башка адамдардын болушуна тыюу салынат. Аудиторияларда бүтүрүүчүлөр шахмат тартибинде отурат. Эске салсак, негизги тестирлөө 21-июндан 25-июнга чейин өтөт.